АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

Академияда окуу тренингдик модулдарды иштеп чыгуу жана тандоо боюнча жыйын

30.04.2024

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-октябрындагы №510 токтомуна ылайык «Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдарга мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын» ишке ашыруунун алкагында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-декабрындагы № 748-тескемеси "Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 3-пунктун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы № 469 "2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген 2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу максатында 2024-жылдын 26-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж. Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында окуу тренингдик модулдарды  (мындан ары ОТМ) иштеп чыгуу жана тандоо боюнча жыйын болуп өттү. Жыйындын ачылышында Академиянын ректору, профессор Акматалиев Алмазбек Акматалиевич сөз сүйлөдү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, кыргыз эл жазуучусу Матисаков Абдиламит Мурзаевич, педагогика илимдеринин доктору, профессор Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин “Кыргыз тил” кафедрасынын башчысы Биялиев Кутманбек Абакович, кыргыз эл акыны Кожогелди Култегин, кыргыз эл акыны Тынчтыкбек Нурманбетов катышышты. Жыйында филология илимдеринин кандидаты, доцент Омурзакова Нургуль Бектургановна «Иштиктүү кыргыз тили. Кыргызтестке даярдык көрүү» С1 деңгээли боюнча аттуу ОТМнин прзентациясын көрсөтүп баян жасап өттү.

Андан соң, юридика илимдеринин доктору, юриспруденция жана философия кафедрасынын профессордун м.а. Ботоева Чинара Кичийевна жана  ИИМнин Э.А.Алиев атындагы Академиясынын административдик укук жана административдик ишмердүүлүк кафедрасынын улук окутуучусу, милициянын полковниги Абдрахманов Азамат Амангелдиевич «Профилактика жана укук бузуулар» аттуу ОТМнин прзентациясын көрсөтүп баян жасап өттү.

Жыйынтыгында 2024-жылы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу курстарында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн аталган ОТМдердин натыйжалуу пайдаланууга жана ишке ашырууда колдонулушу сунушталды.