АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

«Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралуусу»  темасында конок лекция

16.05.2024

2024-жылдын 13-май күнү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында тарых илимдеринин доктору, профессор З.К.Курмановдун (Кара-Кыргыз автономиялуу областынын түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына арналган) «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралуусу»  темасында конок лекциясы өттү.

Академиянын ректору Алмазбек Акматалиевич Акматалиев алгач сөз сүйлөп, окутуучу Зайнидин Карпекович Курмановду тааныштырды.

Лекциянын жүрүшүндө лектор даректүү тасма көргөзүп, мамлекеттүүлүктүн атап айтканда, Кыргыз мамлекетинин калыптануу процессине токтолду.

Магистранттар жана студенттер лектордун энциклопедиялык жана мазмундуу лекциясы үчүн кол чабуулар менен ыраазычылыктарын билдиришти!