Мамлекеттик кызматчыларды даярдоо/кайра даярдоо боюнча Академиянын өнүктүрүүнүн жаңы стратегиясы боюнча конференция
30.10.2024
2024-жылдын 28-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында Ханс Зайдель фондунун Борбор Азиядагы жетекчиси доктор Макс Георг Майер менен коштошуу конференцияларынын алкагында "Мамлекеттик кызматчыларды даярдоо/кайра даярдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясын өнүктүрүүнүн жаңы стратегиясы" темасында конференция болуп өттү.
Иш чаранын жүрүшүндө алгач академиянын ректору Акматалиев Алмазбек Акматалиевич, Ханс Зайдель фондунун Борбор Азиядагы жетекчиси доктор Макс Георг Майер жана модератор Шамкеев Бактыбек Абылкасымович сөз сүйлөштү.
Ректор Акматалиев Алмазбек Акматалиевич "Мамлекеттик кызматкерлерди даярдоо/кайра даярдоо боюнча КР Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясын өнүктүрүүнүн жаңы стратегиясы" темасында баяндама жасап, академиянын түзүлүшү, мамлекеттик кызматкерлерди даярдоо тууралуу айтып берди. Ошондой эле, Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин Өнүктүрүүнүн улуттук программасына негизденип, башкарууну реформалоо жөнүндө маанилүү бөлүгүн баса белгиледи.
Конференцияга Академиянын кызматкерлери, магистранттар, бүтүрүүчүлөр жана регионалдык жогорку окуу жайлардын өкүлдөрү катышышты.