АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

"Кыргыз-герман эки тараптуу мамилелерин өнүктүрүү" конференциясы

05.11.2024

2024-жылдын 1-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында Ханнс Зайдель Фондунун Борбор Азиядагы жетекчиси доктор Макс Георг Майер менен коштошуу конференцияларынын алкагында "Кыргыз-герман эки тараптуу мамилелерин өнүктүрүү" темасында конференция болуп өттү.

Иш чаранын жүрүшүндө алгач  академиянын ректору  Акматалиев Алмазбек Акматалиевич, Ханнс Зайдель фондунун Борбор Азиядагы жетекчиси доктор Макс Георг Майер сөз сүйлөштү.

Германиянын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, доктор Габриэла Геллил "Кыргыз-герман эки тараптуу мамилелерин өнүктүрүү" темасындагы баяндамасында Кыргызстан менен Германиянын кызматташуусунун алкагында социалдык-экономикалык, маданият жана билим берүү жаатында жасалган маанилүү иштерге токтолуп өттү. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын немецтердин Элдик Кеңешинин Төрагасы Валерий Дильден кошумча ой пикирлери менен бөлүшүп өттү.

Конференцияга Академиянын кызматкерлери, магистранттар жана бүтүрүүчүлөр катышышты.