АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

“ТҮРК КАЛКТАРЫНЫН МЫКТЫ СТУДЕНТИ“ эл аралык сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи

12.11.2024

2024- жылдын 23-октябрында Казахстан Республикасынын Астана шаарында  “ТҮРК КАЛКТАРЫНЫН МЫКТЫ СТУДЕНТИ“ аталышындагы эл аралык сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.

Бул эл аралык сынак Казахстан Республикасынын  «Bilim-Orkenieti» улуттук инновациялык илим-изилдөө борбору жана "Үздік студенттер академиясы" тарабынан  илим, өнөр жана спорт багыттарында уюштурулду.

Жогорда аталган эл аралык сынакка Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын студенттери активдүү катышып, эл аралык сынактын жыйынтыгында «Юриспруденция» багытынын 3-курсунун, ЮСГС-1-22 тайпасынын студенттери Кубанычбек уулу Улук жана Айтбекова Жаңылай 1- даражадагы диплом, атайын төш белги, статуэтка жана күбөлүк менен сыйланышты. Ушундай эле сыйлыктар жана 2-даражадагы диплом менен “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу” багытынын  2-курсунун ГМУ-1-23 тайпасынын студенти Эсенали уулу Азамат сыйланды.

Түрк калктарынын мыкты студентти аталган Кубанычбек уулу Улукту, Айтбекова Жаңылайды жана Эсенали уулу Азаматты Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын проректору Абдиева Адиля Ильясбековна куттуктады.