АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

Доктор Сюзанна Лютер менен жолугушуу

21.11.2024

2024-жылдын 20-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында Ханнс Зайдель Фондунун эл аралык кызматташтык институтунун директору доктор Сюзанна Лютер менен жолугушуу болуп өттү.

Академиянын ректору Акматалиев Алмазбек Акматалиевич алгач сөз сүйлөп, Ханнс Зайдель Фондунун эл аралык кызматташтык институтунун директору доктор Сюзанна Лютер айымга жана Фонддун Борбор Азиядагы жетекчиси доктор Макс Георг Майерге Кыргызстандын мамлекеттик кадрларды даярдоого кошкон зор салымы үчүн ыраазычылыгын билди.

Ханнс Зайдель Фондунун өкүлү доктор Сюзанна Лютер  айым  Кыргыз Республикасы менен кызматташуу мезгилинде жакшы натыйжаларга жетишкендигин белгилеп, мындан ары да кызматташуу улана тургандыгын баса белгилеп өттү.

Академия менен Фонддун биргелешкен магистрдик программаларын 2,5 миңден ашуун бүтүрүүчү бүтүргөн, 70тен ашуун бүтүрүүчү Президенттин Администрациясында жана Жогорку Кеңештин аппаратында жооптуу кызматтарды ээлешет. Ондон ашык бүтүрүүчүлөр өлкөнүн региондорунда жетекчилик кызматтарда эмгектенишет.

Ошондой эле, Фонд муниципалдык жана жергиликтүү башкаруунун азыркы абалына, Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардагы кадр саясатына, туруктуу өнүгүүнү башкаруу маселелерине, мамлекеттик жана муниципалдык финансыларга тиешелүү 174 басылманы каржылап, иштеп чыгып, басып чыгаргандыгы белгиленди.