АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

Доктор Макс Георг Майерди ардактуу эс алууга узатуу салтанты

03.12.2024

2024-жылдын 30-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында Ханнс Зайдель фондунун Борбор Азиядагы жетекчиси доктор Макс Георг Майерди ардактуу эс алууга узатуу салтанттуу иш чарасы болуп өттү.

Академинын ректору Акматалиев Алмазбек Акматалиевич алгач сөз сүйлөп, доктор Макс Георг Майерге каалоо тилектерин айтуу менен бирге  Академиянын ардактуу профессору наамын ыйгарды.

Доктор Макс Георг Майер: “Рахмат  Кыргызстан! Бирге баскан биздин жол 2002-2024 жылдар”- деп, жалпы кыргыз элине терең ыраазычылыгын билгизип,  катышуучуларга ийгилик, ден-соолук жана үй-бүлөлүк бакыт каалап, Биздин жолдорубуз дагы кесилишээрине ишенебиз,- деп сөзүн жыйынтыктады.

Ханнс Зайдель фондунун Борбордук Азиядагы жетекчиси Доктор Майер Кыргызстанга 2002 жылы келип, Академия  менен кызматташа баштаган. 22 жыл ичинде фонд тарабынан каржыланган биргелешкен магистрдик программаны 2500 адам ийгиликтүү аякташкан. Бүтүрүүчүлөрдүн арасында алды министрлер, губернатор, акимдер, шаардык жана айылдык кеңештин депутаттары бар,  ошондой эле Президенттин Админстрациясы менен Жогорку Кеңештин Аппаратында 74 адис үзүрлүү иштеп жатышат. Доктор Майер жетектеген Фонд мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин дараметин жогорулатууда салымы чоң.

Бул иш чарага Академиянын ректорлору, кызматкерлерли, Германиянын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, мамлекеттик кызматкерлер жана биргелешкен магистрдик программанын бүтүрүүчүлөрү катышышты.