Мамлекеттик буйрутманын алкагында Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерин кайра даярдоо жана кв
11.04.2025
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында 2025-жылга карата Мамлекеттик буйрутманын алкагында Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерин кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу курстары төмөнкү актуалдуу багыттар боюнча өткөрүлүүдө:
1. Социалдык-экономикалык өнүгүүнү стратегиялык пландоо жана тиешелүү программаларды иштеп чыгуу.
2. Мамлекеттик сектордо натыйжалуу долбоордук менеджмент.
3. Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алууларды башкаруунун заманбап ыкмалары.
4. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн нормативдик-укуктук жактан камсыздоонун актуалдуу маселелери.
5. Мамлекеттик башкарууда санариптик технологияларды киргизүү.
6. Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдары менен жөнгө салуу.
7. Мамлекеттик антикоррупциялык саясатты ишке ашыруу.
8. Туруктуу өнүгүүнүн модели катары жашыл экономиканын принциптери жана практикасы.
9. Мамлекеттик кызматкерлердин негизги билимин, жөндөмүн жана көндүмдөрүн (БЖК) өнүктүрүү.
10. «Кыргыз жараны» - жарандык иденттүүлүктү калыптандыруу жана бекемдөө.