АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

КРПМБАда Студенттик Союзуна Президенттик шайлоо болуп өттү

10.10.2019

2014-жылдын 10-октябрында 2019-2020 окуу жылы үчүн КРПМБАнын студенттери Студенттер Союзун түзүп анын Президенттигине шайлоо өткөрүлдү. Ага КРПМБАнын проректору Базарбаев К.Б., Бакалавриат программаларынын жетекчиси, Супатаева Н.Т., Билим берүү департаментинин жетекчиси, Исланова Р.У., студенттер жана башка өкүлдөр катышышты.
Шайлоого 6 талапкер Аратов Баястан ЭУБ-1-19, Шакирова Алтынай ФК-1-19, Кубанычбекова Салтанат ГМУ-1-19, Мирланов Али БУАА-1-19, Абылкасымова Елизавета МЕН-1-19 жана Кожоназарова Нурсулуу УГМИС-1-19 группаларынан ат салышуусун баштады.
Ар бир талапкердин чыгышы ыр, бий менен коштолуп иш-чара жогорку маанайда өттү. Шайлоонун жыйынтыгында эң көп упай алган Аратов Баястан Студенттер Союзун Президенти болуп шайланды. Жаңы шайланган Студенттер Союзун Президенти шайлоочуларына кайрылып алдыга койгон пландарын сөз менен эмес иш менен аткараарын айтты.
КРПМБАнын жетекчилиги өз тарабынан Студенттик Союздун Президенттигине шайлоодо жеңиши менен куттуктап, ири иш-чараларды уюштуруу, башка университеттердин студенттери менен жана жүздөгөн адамдар менен натыйжалуу баарлашууну, ошондой эле өз шайлоочулары үчүн жоопту болууну үйрөнүүнү каалап кетти.