АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

Академиянын студенттери чыгармачылык жолугушуу кечесине катышышты

27.09.2019

27-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясынын студенттери Кыргыз эл акыны, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери Ааматов Маркабай Ааматовичтин чыгармачылык жолугушуу кечесине катышышты.

Бул кечеге Эл акындары, жазуучулар, “Нурборбор” чыгармачылык бирикмесинин жаш акындары катышышты. Кечеде жаш акындар ырларын окуп, белгилүү ырчылар жандуу ырларын да тартуулашты.

М.Ааматов өз сөзүндө, улуу муундагы жазуучулар жаш калемгерлерге багыт берип, ошондой эле кыргыз тилин өнүктүрүү милдети алдыда турганын баса белгилеп, жаштар менен жолушуу учурунда азыркы мезгилдеги китеп окуу маселесин кеп кылып “Бир жазуучудан бир китеп” аттуу жаштардын көтөрүп чыккан демилгеси тууралуу айтып берди.