АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

АКШНЫН 35-ПРЕЗИДЕНТИ ЖОН ФИЦЖЕРАЛД КЕННЕДИНИН “КААРМАНДЫК ӨРНӨКТӨРҮ” КИТЕБИНИН КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕГИ КОТОРМОСУ

30.01.2020

2020- жылдын 30- январында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында, Кыргызстандагы АКШнын элчилигинин  “Өмүрү өрнөк инсандар” катар китептерди которуу программасынын алкагында  “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондусуну тарабынан чыгарылган АКШнын 35-Президенти Жон Фицжералд Кеннединин “Каармандык өрнөктөрү” аттуу китебинин көрсөтмөсү болуп өттү.         

 

Иш чарага Академиянын ректору Акматалиев А.А., Кыргыз Республикасынын экс-Президенти Отунбаева Р.И., Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Каптагаев Э.С., Академиянын профессору, тарых илимдеринин доктору Кочкунов А.С., тарыхчы, котормочу Койчиев Арслан Капай уулу, Кыргыз Түрк Манас Университетинин профессору, котормочу Абдиев Т., Борбордук Азиядагы Америкалык Университетинин политология кафедрасынын профессору Тюлегенов М.Т., “Каармандык өрнөктөрү” китебин англис тилинен кыргыз  тилине которгон Тынчтыкбек Чоротегин, Академиянын студенттери, магистранттары, мугалимдер курамы, кызматкерлери жана башка коноктор катышышты.

Соңунда суроолор берилип, сунуштар, каало тилектер айтылды.