АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

КРПМБАда "САНАРИПТИК ТРАНСФОРМАЦИЯ ШАРТЫНДА МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА МУНИЦИПАЛДЫК БАШКАРУУНУ ӨРКҮНДӨТҮҮ" ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ

29.05.2019

КРПМБАда "САНАРИПТИК ТРАНСФОРМАЦИЯ ШАРТЫНДА МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА МУНИЦИПАЛДЫК БАШКАРУУНУ ӨРКҮНДӨТҮҮ" ТЕМАСЫНДА ЖОЖдор АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ

2019-жылдын 29-майында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында "Санариптик трансформация шартында мамлекеттик жана муниципалдык башкарууну өркүндөтүү" темасында жаш окумуштуулардын жана магистранттардын жогорку окуу жайлар аралык илимий-практикалык конференциясы болуп өттү.

Конференциянын негизги максаты - Кыргызстандагы ЖОЖдордун жаш окумуштууларынын жана магистранттарынын илимий идеялары жана билимдери менен алмашуу, жаңы изилдөөчүлөрдүн алдында мамлекеттик жана муниципалдык менеджментти өнүктүрүүнүн көйгөйлөрүн жана келечегин талкуулоо үчүн диалог аянтчасын түзүү, ошондой эле ааламдашуу шартында бизнести жана менеджментти өнүктүрүү.