АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

"МАМЛЕКЕТТИК МҮЛК ФОНДУ: БҮГҮН ЖАНА ЭРТЕҢ" АТТУУ ТЕМАДА АЧЫК ЛЕКЦИЯ

10.12.2019

2019-жылдын 10-декабрында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында КРПМБанын магистранттары жана студенттери үчүн "Мамлекеттик мүлк фонду: бүгүн жана эртең" аттуу темада ачык лекция болуп өттү.

Ачык лекцияны академиянын ректору А.Акматалиев ачып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасы Исакулов Жылдызбек Абдулахатович менен тааныштырды.

Лекциянын жүрүшүндө Ж.Исакулов мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тескөө жана мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү, мамлекеттик мүлктү эсепке алуу жана инвентаризациялоо, аукцион өткөрүү процесси жана мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн жол-жоболору жөнүндө айтып берди.

Лекция учурунда "Суроо-жооп" форматында магистранттар жана студенттер өзүлөрүнүн суроолорун бере алышты.