АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

ВЕНГРИЯНЫН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНА КИРҮҮ ҮЧҮН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАНДАРЫ ҮЧҮН СЫНАКТЫК ТАНДОО

17.02.2020

2020-2021-окуу жылдарында бакалавриат программалары боюнча “Stipendium Hungaricum Scholarship Program” стипендиялык программасынын алкагында Венгриянын ЖОЖдоруна кирген Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында 2020-жылдын 17-февралында алдын ала сынактык тандоо болуп өттү.

Венгриянын ЖОЖдорунда венгр же англис тилдеринде (бакалавриат, магистратура, докторантура) Кыргыз Республикасынын жарандарын окутуу үчүн, Венгрия тарап Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Венгриянын Адам ресурстары министрлигинин ортосундагы Билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууга ылайык жыл сайын грант бөлүп турат. 2016-жылдын 21-сентябры.