АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

Касым Тыныстановдун 120-жылдыгына карата 1-2-курстун студенттеринин арасында көркөм окуу жана эссе жазуу сынагы өткөрүлдү

29.04.2021

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясында, белгилүү мамлекеттик ишмер, алгачкы профессор, агартуучу, тилчи, филолог Касым Тыныстановдун кыргыз элине мурас кылып калтырган эмгектерин даңазалоо, аларды эл арасына кеңири жайылтуу жана  студенттерге тарбия берүү максатында "Касым Тыныстанов-мамлекеттик ишмер жана агартуучу" темасында иш-чара болуп өттү.

Академиянын ректору, профессор Акматалиев Алмазбек Акматалиевич иш-чаранын ачылышында сүйлөп К. Тыныстанов жөнүндө кыскача токтолуп кетти.

Иш-чаранын I бөлүгүндө академиянын «Парламентаризм жана мамлекеттик саясат», «Туруктуу өнүктүрүү: мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу» илимий изилдөө кафедралары “Касым Тыныстанов –   мамлекеттик ишмер жана агартуучу” аттуу темада илимий семинар өткөрүштү.

Семинарды саясий илимдеринин доктору, КРПМБАнын профессору  Төрөгельдиева Б.М.

-  “К.Тыныстанов – белгилүү мамлекеттик ишмер жана саясий лидер катары”.

Кыргыз Республикасынын Илим жана техника тармагы боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, тарых илимдеринин кандидаты, Беделбаев А.Б.                                                        

- Жусуп Баласагын атындагы КУУнин “Кыргызстандын тарыхы” кафедрасынын профессору “Касым Тыныстановдун КР билим берүү тармагына кошкон салымы”.

Тарых илимдеринин доктору, КРПМБАнын доценти Болпонова А.Б.                                    

- “Касым Тыныстанов – саясий куугунтуктоолордун мезгилинде”(20-кылымдын 20-30-жылдары) темаларында докладттарын баяндап беришти.

 Иш-чаранын 2-бөлүгү: КРПМБАнын бакалавриат программасынын студенттери тарабынан даярдалган концерттик программа көрсөтүлүп, “Касым Тыныстанов мамлекеттик ишмер жана  агартуучу” темасында эссе жазуу жана көркөм окуу сынагы өткөрүлдү.

Сынакка академиянын  бакалавр программасынын I-II- курсунун студенттери катышышты.

Жыйынтыгында эссе жазуу сынагы боюнча сынактын жеңүүчүлөрү:

I орун 1-курстун ГМУ-2-20 тайпасынын  студенти Нурланбеков Эрнар

II орун 1-курстун ГМУ1-20 тайпасынын стунденти Адилов Мирбек

III орун 2-курстун МЕН-1-19 тайпасынын студенти Максатова Айгүл

Көркөм окуу сынагы боюнча сынактын жеңүүчүлөрү:

I орун 1-курстун ГМУ-2-20 тайпасынын  студенти Баракан у Карыпжан

II орун 1-курстун ГМУ-1-20 тайпасынын стунденти Майрамбек у Уран

III орун 2-курстун ГМУ-1-20 тайпасынын стунденти Кадыркулов Абдусамат

Сынактын жеңүүчүлөрүнө Кыргыз Республикасын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты минстири тарабынан I, II, III даражадагы дипломдору тапшырылды.

Жана ошондой эле 1-курстун  ГМУ-1-20, ГМУ-1-20, ЭКОНОМ-2-20 тайпаларынын стунденттери иш чарага жигердүү катышкандыктары үчүн тасыктамалар менен сыйланышты.