АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

Ж.Абдрахманов атындагы КРПМБАда Ахметов Уран Тулондиевичтин ачык лекциясы болуп өттү

24.02.2022

2022-жылдын 24-февралында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов  атындагы мамлекеттик башкаруу академиясында, Япониянын Кюсю университетинин (Япония) «Азиядагы саясат жана менеджментте салыштырмалуу изилдөө» адистиги боюнча бүтүрүүчүсү Ахметов Уран Тулондиевичтин «Мамлекеттик башкаруу системасындагы стратегиялык документтер» темасында ачык лекциясы болуп өттү.

Академиянын Жогорку Башкаруу мектебинин директору Аманалиев Урмат Олжобекович куттуктоо сөз сүйлөп, лектор Ахметов Уран Тулондиевич менен тааныштырды.

Лекциянын жүрүшүндө Ахметов У.Т. стратегиялык документтердин мааниси, стратегиялоо маданияты жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу процессиндеги түп-тамырынан өзгөрүүлөр жөнүндө айтып берди.

Суроо-жооп форматында катышуучулар лекторго өздөрүнүн суроолорун берип, аларга жооп ала алышты.