АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

Ж.Абдрахманов атындагы КРПМБА жана Борбор Азиядагы ФХЗ Астана хабы менен кезектеги биргелешкен онлайн конференциясы болуп өттү

06.04.2022

2022 – жылдын  5- апрель күнү  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы жана Борбор Азиядагы Ханнс Зайдель Фонду Астана мамлекеттик кызматынын хабы менен «Польшада децентралдаштырылган мамлекеттик башкаруу: жергиликтүү өз алдынча башкаруунун позициясы»  темасында кезектеги биргелешкен онлайн конференциясы болуп  өттү.

Модератор академиянын ректору Акматалиев Алмазбек Акматалиевич болуп, кириш сөздү Борбор Азиядагы Ханнс Зайдель Фондунун долбоорунун жетекчиси, доктор Макс Георг Майер менен Варшава университетинин Укук жана менеджмент факультетинин доктору Йованк Якубек-Лаликке берди.

Лекциянын жүрүшүндө доктор Йованка Жакубек-Лалик Польшадагы мамлекеттик башкаруунун структуралары, Польшадагы жергиликтүү өз алдынча башкарууну децентрализациялоо, калыбына келтирүү жана реформалоо концепциялары жөнүндө айтып берди.

Суроо-жооп форматында магистранттар, академиянын бүтүрүүчүлөрү жана бул иш-чаранын коноктору лекторго өздөрүнүн суроолорун берип, аларга жооп ала алышты.