АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

Ж.Абдрахманов атындагы КРПМБАда Халюков А.В. менен жолугушуу болуп өттү

22.04.2022

2022-жылдын 21-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында Москва шаарындагы «Гребенников» атындагы , басма үйүнүн башкы директору Халюков Аркадий Владимирович менен жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга академиянын окуу иштери жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча проректору Баймулдинова А.Т. жана Билим берүү жана илим департаментинин директору Исланова Р.У. катышышты.

Жыйындын жүрүшүндө Россия Федерациясынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссиянын тизмесиндеги таанылган, рецензияланган илимий журналдарга макалаларды жарыялоо мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Мындан тышкары Халюков А.В. «Гребенников» басма үйүнүн  электрондук китепканасы, мазмуну (журналдар, китептер, альманахтар, видеоматериалдар), басмакананын сервистик жана техникалык өзгөчөлүктөрү, Россия Федерациясынын жана Борбордук Азиянын - Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан  ЖОЖдору менен узак мөөнөттүү жана көп тараптуу кызматташтык тууралуу маалымат берилди.

Жолугушуунун жыйынтыгында өз ара кызматташуу тууралуу келишим түзүү боюнча макулдашуулар жүргүзүлдү.