АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

КРПМБАда KOICA Бүтүрүүчүлөр Ассоциациясы менен биргеликте KOICA кеңсесинин колдоосу менен билим алмашуу семинары уюштурулду

22.04.2022

2022-жылдын 22-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу  Ж.Абдрахманов атындагы  Мамлекеттик башкаруу академиясында Кыргыз Республикасындагы KOICA Бүтүрүүчүлөр Ассоциациясы менен биргеликте KOICAнын Кыргызстандагы кеңсесинин колдоосу менен билим алмашуу семинары уюштурулду.

Академиянын ректору Акматалиев Алмазбек Акматалиевич, Кыргызстандагы KOICA программаларынын координатору Киён Ким айым, академиянын проректору Аманалиев Урмат Олжобекович жана Кыргызстандагы KOICA бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти Иманалиева Жанар алгач сөз  сүйлөштү.

Семинардын жүрүшүндө Ассоциациянын мүчөлөрү төмөнкү темалар боюнча баяндама жасашты:

- «Парламенттеги аялдар окулчулугунун койгойлору» Айсулуу Омурбаева Компаньон Банкынын Санариптик бизнести башкаруу бөлүмүнүн бизнес-аналитиги.

- «Электрондук өкмөт» Ислам Маатов Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы прокурору.

- «Кыргыз Республикасындагы электр энергиясын өндүрүү» Автандил Насымбеков Бишкек жылуулук тармактар ишканасынын инженери.

Ошондой эле, KOICA бүтүрүүчүлөрүнүн ассоциациясынын мүчөлөрү окуу учурунда Кореяда адаптациялоо тажрыйбасы, ошондой эле Кореянын маданияты тууралуу айтып беришти.

Суроо-жооп форматында академиянын студенттери жана коноктору спикерлерге өздөрүн кызыктырган суроолорун берип, жооп алышты.