АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

1-курстун студенттери үчүн уюштуруу жана тааныштыруу чогулушу

02.09.2022

2022-жылдын 1-сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу», «Экономика», «Менеджмент» жана «Юриспруденция» багыттары боюнча 1-курстун студенттери үчүн уюштуруучулук жана тааныштыруу чогулушу болуп өттү.

Академиянын ректору Акматалиев Алмазбек Акматалиевич, проректор Баймулдинова Анара Токталиевна, окуудан тышкаркы жана тарбия иштери боюнча координатор Арапова Эльмира Байышовна, бакалавриат программасынын жетекчиси Болпонова Асыл Бакытбековна, «Экономика жана менеджмент» кафедрасынын башчысы Абдиева Адиля Ильясбековна, «Мамлекеттик башкаруу жана укук» кафедрасынын башчысы Жапаров Турдубек Турдалиевич жана Жогорку башкаруу мектебинин директору Аманалиев Урмат Олжобекович жалпы студенттерди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттукташты. Жолугушууда белгилүү журналист, сценарист Орунбеков Бакыт студенттерге көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахманов тууралуу айтып берип, даректүү тасма көрсөтүлдү.

Жыйындын соңунда академиянын кызматкерлеринин ичинен дайындалган кураторлор өздөрүнө бекитилген студенттерди академиянын түзүмү, окуу процесси жана Студенттик союздун ишмердүүлүгү менен тааныштырышты.