АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

1-курсунун студенттери «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барышты

16.09.2022

2022-жылдын 10-сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын «Юриспруденция жана философия» кафедрасынын 1-курсунун студенттери жана окутуучулары маданий иш-чаранын алкагында «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине барышты.

Экскурсиянын жүрүшүндө «Юриспруденция жана философия» кафедрасынын башчысы Келдибеков А.Д., кафедранын окутуучусу Курманова Д.А. жана Академиянын IT бөлүмүнүн кызматкери Жайлобаева Б.Ш. «Ата Бейит» мемориалдык комплексинин өзүнүн тарыхы, 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштүн себептери жана кесепеттери, репрессиянын курмандыктары жана тарыхый эстутумдун азыркы коом үчүн мааниси тууралуу лекция окуду. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын окутуучулары жана студенттери репрессиянын бардык курмандыктарын эскерип куран окушту. Бул саякат студенттерге өлкөбүздүн тарыхын көбүрөөк билүүгө, көз карашын кеңейтүүгө жана ата-бабалардын эрдигине шыктанууга шарт түздү.