АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

“EXPO-2022” Эл аралык билим берүү көргөзмөсү

16.09.2022

2022 – жылдын 15 -  сентябрь күнү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу  Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын проректору Баймулдинова Анара Токталиевна жана «Юриспруденция жана философия» кафедрасынын окутуучусу Курманова Диана бакалавр программасынын студенттери менен биргеликте, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде  болуп өткөн “EXPO-2022” Эл аралык билим берүү көргөзмөсүнө катышышты.

Көргөзмөгө Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов жана дүйнөнүн 60тан ашуун мамлекетинен келген ректорлор катышып, аларга Кыргызстандын жогорку окуу жайлары тааныштырылды. Ошондой эле Кыргызстандын университеттери чет өлкөлүк жогорку окуу жайлар менен кызматташуу боюнча бир катар келишимдерге кол койду.

Белгилей кетсек, аталган көргөзмө Ректорлордун дүйнөлүк форумунун алкагында уюштурулду.