АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

Мамлекеттик тил күнүнө карата Академияда сынак өттү

28.09.2022

2022-жылдын 23-сентябрь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында "Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу", "Экономика", "Менеджмент ", "Юриспруденция" багыттары боюнча 1-курстун студенттеринин ортосунда"Кыргыз тили биз үчүн бийик ордуң, Ала-Тоодой ар дайым бийик болгун!" аттуу сынак болуп өттү.

Кыргыз тили жана "Манас таануу"сабагы боюнча окутуучу, сынактык иш-чарага чоң салымын кошкон Урусова Гүлайым Бейшеновна жетекчилик кылган студенттер: ГМУ-1-22 тайпасынан "Манас урпактары"тобу ,МЕН-1-22 тайпасынан "Улуу журт"тобу, ЭКОН -1-22 тайпасынан"Келечек"тобу , ЮР-1-22 тайпасынан "Ынтымак"топтору ат салышты.

Бул сынакта калыстар тобунда Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын проректору Аманалиев Урмат Олжобекович, проректор Баймулдинова Анара Токталиевна, окуудан тышкаркы жана тарбия иштери боюнча координатор Арапова Эльмира Байышовна, бакалавриат программасынын жетекчиси Болпонова Асыл Бакытбековна, академиянын бүтүрүүчүлөр ассоциациясынын төрагасынын орун басары Ашымов Самат Жекшенович, Менеджер-методист Абдиев Анарбек Жайлообаевич жана доцент, кыргыз тили мугалими Урусова Гүлайым Бейшеновна өз бааларын беришти.

Иш-чаранын жыйынтыгында топтордун ортосунда өткөрүлгөн сынакты калыстар тобу төмөнкүдөй негизде баалашты: 1-орун: Экон-1-22 тайпасынын “Келечек” тобуна; 2-орун: “Ынтымак” тобуна; 3-орун: “Манас урпактары” тобуна; 4-орун: “Улуу журт” тобуна. Ошондой эле ар бир топко сыйлыктар жана дипломдор калыстар тобу тарабынан тапшырылды.