АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

Япониянын Ресурстук борборунун ачылышы

06.10.2022

2022-жылдын 4-октябрында  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында  Япониянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Маэда Сигеки мырзанын катышуусунда   Япониянын Ресурстук борборунун ачылышынын урматына Япониянын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (JICA) китептерин тапшыруу аземи болуп өттү.

 Борборго китептерден тышкары Япониянын экономикасынын жана бул өлкөдөгү мамлекеттик башкаруу системасынын өнүгүүсүндөгү эпизоддорду чагылдырган сүрөттөр  жана эмеректердин комплекти келип түштү. Маэда Cигеки мырза жана Академиянын ректору Акматалиев Алмазбек Акматалиевич бул чоң кызматташтыктын башталышы гана экенин жана Борбор Япон программаларынын бүтүрүүчүлөрү Кыргызстандын башка студенттери жана Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик кызматчылары менен билим алмаша ала турган жакшы аянтча болуп калаарына ишеним билдиришти.