АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

Тренинг «21-кылымдагы лидерлик жана soft skills»

10.10.2022

10.10.2022 Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу  Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу Академиясында   1-курстун студенттери жана Академиянын студенттер кеңешинин  лидерлери үчүн  «21-кылымдагы лидерлик жана soft skills»  темасында  Академиянын студенттик кеңеши  тарабынан уюштурулган  А. Салымбеков бизнес мектебинин өкүлдөрүнүн катышуусунда тренинг болуп өттү.

Академиянын ректору Акматалиев Алмазбек Акматалиевич алгач  сөз сүйлөп, тренингдин бардык катышуучуларына ийгилик каалады.

Аскар Салымбеков атындагы фонддун башкы директору Жумадилов Амангелди универсалдуу билим жана көндүмдөр тууралуу айтып, аларды туура пайдаланып, дүйнө таанымы кең, глобалдуу ой жүгүрткөн жаран болууга чакырды. Ошондой эле тренерлер: Зарина Макен жана Салымбеков бизнес мектебинин жетекчиси Жакшылык Бекназаров студенттерге керектүү көндүмдөр боюнча ой бөлүшүп, өзүн өнүктүрүү боюнча пайдалуу кеңештерин беришти.