АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

Мемарандумга кол кою аземи болуп өттү

11.10.2022

2022-жылдын 11-октябрь күнү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы  мамлекеттик башкаруу Академиясы,  «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду» коомдук фонду  менен кызматташуу жана өз ара аракеттенүү жөнүндө Мемарандумга кол кою аземи болуп өттү.

Иш чарага Академиянын ректору Акматалиев Алмазбек Акматалиевич  фонддун төрагасы Махамат уулу Зикрулло катышышып бир  катар маселелер талкууланып, түзүлгөн Меморандумдун негизинде иш алып барууну макулдашышты.

Мемарандумдун негизи максаты: Жаш окумуштуулардын руханий потенциалын ачуу максатында аларды өнүктүрүү үчүн аянтча түзүү, жаштар симпозиумдарын, форумдарын уюштуруу жана өткөрүү, студенттерди ыктычярчылык ишмердүүлүккө тартуу, талкуу аянтчаларын түзүү, окуу семинарларын өткөрүү, жыл сайын кыдыруучу жайкы «Youth camp» лагерлерин өткөрүү жана ошондой эле «Кыргыз Жараны» Концепциясын ишке ашыруунун алкагында кызматташуу болуп саналат.