АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

Студенттеринин ортосундагы достукту бекемдөөгө  арналган спорттук турнир өттү

15.10.2022

2022-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдырахманов атындагы мамлекеттик башкаруу Академиясынын 30 жылдыгына жана Академиянын студенттеринин ортосундагы достукту бекемдөөгө  арналган спорттун волейбол, футбол, армрестлинг (кол күрөш) жана теннис оюндары  боюнча турнир болуп өттү.

Иш чаранын жүршүндө  Президенттик Академиянын ректору, профессор Акматалиев Алмазбек Акматалиевич,  Академиянын окуудан тышкаркы жана тарбия иштери боюнча координатор Арапова Эльмира Байышовна жана Студенттик Кеңештин төрагасы Орозбеков Нурхан, спорт сектордун лидери Кубанычбеков Кутман  алгач сөз суйлошуп, турнирдин жүрүшүнө жана студенттерге  ийгилик каалашты.

Ар бир оюнда студенттер өз мыктылыгын көрсөтүштү. Турнирдин соңунда 1-2-3- орундарына ээ болгон жеңүүчү командалар жана мыкты оюнчулар дипломдор менен сыйланышты.

Турнирди мыкты денгээлде уюштургандыгы үчүн Академияынын Студенттик Кеңеши жана Спорт секторуна терең ыраазычылык билдиребиз!