АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

«Каржылык коопсуздук» боюнча II Эл аралык олимпиадада ийгилик

17.10.2022

2022-жылдын 17-октябрында Кыргыз РеспубликасынынПрезидентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу Академиясынын ректору Акматалиев Алмазбек Акматалиевич "Сириус" федералдык аймагында Сочиде болуп өткөн, «Каржылык коопсуздук» боюнча II Эл аралык олимпиадада II даражадагы дипломдун ээси Академиянын «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» багытынын 4-курсунун студенти Кожоназарова Нурсулуу Нуржановнаны жеңиши менен куттуктады.

Бул олимпиада 2022-жылдын 16-майынан 25-майына чейинки мезгилде Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун студенттери үчүн «Экономикалык коопсуздук», «Маалыматтык коопсуздук»,  «Юриспруденция/эл аралык мамилелер» багыттары боюнча республикалык денгээлде өткөрүлгөн. Жыйынтыгында эң жогорку упай топтогон 10 окуучу 2022-жылдын 10-октябрынан 17-октябрына чейин Сочиде каржылык коопсуздук боюнча эл аралык олимпиадада өлкөнүн намысын коргой турган Кыргызстандын курама командасы топтолгон.

13-сентябрдан 18-сентябрга чейин Ысык-Көлдө ЕККУнун программасынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын Окуу-методикалык борбору тарабынан каржылык коопсуздук боюнча II Эл аралык олимпиадага даярдык көрүлүп, бир жумалык интенсивдүү тренингдин жүрүшүндө балдар маалыматтарды табууну, талдоону, диаграммаларды түзүүнү, ошондой эле өз иштерин көрсөтүүнү үйрөнүштү.

10-октябрдан 14-октябрга чейин Сочи шаарындагы “Сириус” федералдык аймагында каржылык коопсуздук боюнча II Эл аралык олимпиаданын финалдык этабы болуп өттүп, ага 12 өлкөдөн (Индия, Бразилия, Түштүк Африка, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Армения, Кытай, РФ ж.б.) 40 000ден ашык катышуучу, 500 финалист катышкан. Бул аралыкта 50дөн ашык панелдик талкуулар, мастер-класстар жана ролдук оюндар, аймактар ​​боюнча тестирлөө жана спорттук мелдештер өткөрүлгөн.

Бул олимпиаданын жыйынтыгында Академиянын «Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу» багытынын 4-курсунун студенти Кожоназарова Нурсулуу Нуржановна Россия Федерациясынын ЖОЖдоруна жана Росфинмониторингде жана башка уюмдарда окуууга мүмкүнчүлүк алды. Ошону менен бирге   «Юриспруденция/эл аралык мамилелер» багыты боюнча II даражадагы диплом жана эң мыкты топ 10го кирди, Спорттук программага катышкандыгы үчүн сертификат (эстафета жана ГТО боюнча 1-орун), «Финалисттин күндөлүгү» медиадолбоорунда сертификат, II Эл аралык олимпиаданын финалдык этабына катышкандыгы үчүн сертификат жана кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланган.