АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

Интеллектуалдык КВИЗ оюну

13.12.2022

2022-жылдын 9-декабрында  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында Борбордук Азиянын Коррупцияны жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну изилдөө институту менен биргеликте USAIDдин “Укук Булагы” долбоорунун ” жана “East-West Management Institute” колдоосу менен эл аралык коррупцияга каршы күрөшүү күнүнө, Эл аралык адам укуктарын коргоо күнүнө жана гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк акциясына арналган интеллектуалдык КВИЗ оюнун өткөрүштү.

Академиянын ректору А. Акматалиев жана Борбордук Азиядагы Коррупцияны жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну изилдөө институтунун директору Э. Мамбеталиева алгач сөз сүйлөшүп, оюндун бардык катышуучуларына ийгилик каалашты.

КВИЗ оюнуна он команда катышып, жыйынтыгында байгелүү орундарга ээ болгон командалар белектер менен сыйланышты. Үчүнчү орунду Фемида отряды, 2-орунду Беш Тентек, ал эми интеллектуалдык оюндун жеңүүчүсү болуп ЭДАМ командасы табылды. Бул иш-чара коррупцияга каршы күрөштө, мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылууда жана алсыз жыныстагы адамдардын укуктарын коргоодо жаштардын маанилүү ролун көрсөтүү максатында уюштурулган.

Биз Борбордук Азиянын Коррупцияны жана адалдоону изилдөө институтуна @nocorruption.kg, ошондой эле USAIDдин @usaidkg долбооруна "Укук Булагы" @ukukbulagy жана "East-West Management Institute" уюмуна бул иш-чараны өткөрүүдө жана уюштурууда техникалык колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдиребиз.