АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

«Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийликти бөлүштүрүүнүн тең салмактуулугу» деген темада форум болуп өттү

20.12.2022

2022-жылдын 16-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында «Юриспруденция жана философия» кафедрасынын уюштуруусу менен «Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийликти бөлүштүрүүнүн тең салмактуулугу» деген темада форум болуп өттү.

Форумга ректор, профессор Акматалиев Алмазбек Акматалиевич, юридикалык илимдердин доктору, профессор Токтобаев Болот Токтомышевич, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Бобукеева Меергуль Рыскулбековна, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты Атазов Шайлообек Карыбекович жана «Юриспруденция» багыты боюнча магистранттар жана студенттер катышышты.

Форумда Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик бийликти бөлүштүрүүдө тең салмактуулугуна байланышкан негизги актуалдуу маселелер талкууланды.