АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

Венгриянын Мамлекеттик кызмат университети менен кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол койду

14.02.2023

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон расмий иш сапарынын алкагында 2023-жылдын 13-февралында Будапешт шаарында кыргыз-венгер биргелешкен өз-ара аракеттенүүсүн чыңдоого багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу иш чарасы болуп өттү. Ошону менен катар Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы дагы Венгриянын Мамлекеттик кызмат университети менен кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол койду.

Меморандумдун максаты:

Биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү;

  • Академиялык чөйрөнүн улуттук жана чет элдик өкүлдөрүн тартуу менен форумдарды, конференцияларды, симпозиумдарды, тегерек столдорду, семинарларды, ачык лекцияларды, талкууларды уюштуруу;
  • Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын билимин жана көндүмдөрүн өркүндөтүү жана мамилелерди уюштуруу;
  • Кызматтар, окумуштуулар жана эксперттер ортосунда түздөн-түз өз ара мамилелерди түзүү жана өнүктүрүү;
  • Студенттердин, кызматкерлердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн ишке ашыруу;
  • Тажрыйба алмашуу, лекцияларды/семинарларды, изилдөөлөрдү, консультациялык жана эксперттик иштерди жүргүзүү максатында улуттук жана чет өлкөлүк мамлекеттик кызматчыларды, эксперттерди жана адистерди, профессордук-окутуучулук курамды тартуу.