АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

Эл аралык эне тил күнүнө карата “Эне тилим – биримдиктин жана достуктун тили» аттуу майрамдык иш-чара

22.02.2023

2023-жылдын 21-февралында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында Эл аралык эне тил күнүнө карата “Эне тилим – биримдиктин жана достуктун тили» аттуу майрамдык иш-чара болуп өттү. Бул иш-чаранын негизги максаты – Эл аралык эне тил күнүнүн белгиленип калышынын тарыхы менен тааныштыруу, атуулдук сезимдерди ойготуп, эне тилибизди сүйүүгө, көз карегибиздей сактоого, аздектеп баалоого умтулуу. Жаңы муундун ар түрдүү шык-жөндөмдөрүн өстүрүү, өз оюн эркин айтууга үйрөтүүгө салым кошуу болуп саналат.

Иш-чараны жүрүшүндө Башкаруунун жогорку мектебинин директору, юридика илимдеринин доктору Аманалиев Урмат Олжобекович менен филология илимдеринин кандидаты, доцент Урусова Гүлайым Бейшеновналар алгач сөз сүйлөштү. Ошондой эле 1-курстун студенттери тарабынан докладтар окулуп, комуз күүсү чертилип, көркөм окуулар айтылды.

Жыйынтыгында, Эл аралык эне тил күнүнө карата өткөрүлгөн “Сабаттуу бол” жат жазуу сынагынын төмөнкү жеңүүчүлөрү дипломдор менен сыйланышты:

1. Осеева Назик

2. Карыпбекова Арина

3. Мартбекова Айсулуу

4. Болот кызы Альбина

5. Анарбаев Тынарбек

6. Маметшаева Жасмин

7. Искакова Жаркынай

8. Кубанычбекова Бегимай

9. Шафатова Бермет

10. Жоробекова Ширин