АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

Конференция “Грузиядагы мамлекеттик башкаруунун учурдагы модели жана анын мамлекеттик кызматчыларынын кесиптик деңгээлин жогорулатуу ?

13.03.2023

2023-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында Борбор Азиядагы Ханнс Зайдель Фонду жана Астана мамлекеттик кызматынын хабы менен биргеликте эл аралык онлайн семинарларды өткөрүүнүн алкагында  уюштурулган “Грузиядагы мамлекеттик башкаруунун учурдагы модели жана анын мамлекеттик кызматчыларынын кесиптик деңгээлин жогорулатуу системасы” темасында конференция болуп өттү.

Алгач Академиянын ректору Акматалиев Алмазбек Акматалиевич, , Борбордук Азиядагы Ханнс Зайдель Фондунун жетекчиси доктор Макс Георг Майер, Мамлекеттик кызмат көрсөтүү боюнча Астана хабынын жетектөөчү комитетинин төрагасы Алихан Байменов сөз сүйлөштү.

Грузиялык эксперт Майя Двалишвили Грузиядагы мамлекеттик башкаруу боюнча презентация жасап, Мамлекеттик кызмат бюросу, мамлекеттик башкаруу реформасы, анын максаты натыйжалуу, эффективдүү, саясий жактан бейтарап, калыс, отчеттуу жана кесипкөй мамлекеттик кызматты түзүүгө багытталгандыгы тууралуу айтып берди.

Иш-чарага ошондой эле Академиянын жана Ханнс Зайдель Фондунун биргелешкен магистрлик  программаларынын магистранттары, студенттери жана бүтүрүүчүлөрү катышышты.