АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

Конок лекция: Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Бобукеева Меергуль.

29.03.2023

2022-жылдын 28-мартында  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында «Юриспруденция жана философия» кафедрасынын уюштуруусу менен “Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун укуктук макамы” темасынын алкагында «Юриспруденция» багытынын 2-курсунун студенттери үчүн конок лекциясы өткөрүлдү. Лектор катары Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Бобукеева Меергуль Рускулбековна катышты.

Лекция учурунда студенттер конституциялык соттун функциясы жана судьялардын ыйгарым укуктары, алардын жоопкерчилиги тууралуу бир топ маселелерди көтөрүштү.