АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

"Адамдык сапаттын эң асылы-адамгерчилик" темасында Мадаминов Гапыр Маматкуловичтин конок лекциясы

13.04.2023

2023-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу Академиясында "Адамдык сапаттын эң асылы-адамгерчилик" темасында  Мадаминов Гапыр Маматкуловичтин конок лекциясы болуп өттү.

Академиянын ректору Акматалиев Алмазбек Акматалиевич, jкуудан тышкаркы иштер боюнча координатор Арапова Эльмира Байышевна жана студенттер кеңешинин төр агасы Орозбеков Нурхан алгач сөз сүйлөшүп, Гапыр Маматкуловичти жалпы катышуучуларга тааныштырышты.

Иш чаранын жүрүшүндө алгач «Агай» аттуу даректүү тасма көрсөтүлүп, Мадаминов Гапыр Маматкулович бүгүнкү күндө мугалимдик кесиптин маанилүүлүгү, орду, ролу кадыр-баркы жана ата-эне менен мугалимдин, окуучунун ортосундагы байланыш тыгыз болуш керек экендигин баса белгилеп кенен маек курушту.

Конок лекцияга академиянын окутуучулары, студенттер,магистранттар жана алыскы региондордон келген коноктор катышышты.