АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

Студенттердин өз алдынча иштерин ачык коргоо

29.05.2023

2023-жылдын 25-май күну Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясында «Экономика жана менеджмент» кафедрасынын окутуучусу, доцент Супатаева Н.Т. МЕН-1-21 тайпасы үчүн кезектеги иштиктүү оюн жана викторина форматында студенттердин өз алдынча иштерин ачык коргоо боюнча иш чарасы өттү.

Окутуунун бул формасы менеджмент дисциплинасын өздөштүрүүсүнө баа берүү үчүн тандалып алынганы бекеринен эмес.

Максаты – студенттердин ой жүгүртүүсүн активдештирүү, болочок адистин өз алдынчалыгын арттыруу, чыгармачылык духун жайылтуу, студентти практикалык кесиптик ишмердүүлүккө даярдоо.

Максат ийгиликтүү ишке ашты.

Төмөнкүлөрдөн турган комиссия тарабынан, коргоосуна оң баа берилди:

Академиянын проректору Абдиева А.И., кафедранын окутуучулары Тентимишева Г.К. жана Мамбетова М.М.