АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

Макулдашууга кол коюу

19.06.2023

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы менен “Саламаттык сактоодогу Демилгелер” коомдук фонду “Саламаттыкты сактоону башкаруу” квалификациясы боюнча кесиптик кайра даярдоо программасынын алкагында окутууну өткөрүүнүн шарттары жөнүндө башкы макулдашууга кол коюшту. 

Бул макулдашуунун максаты саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери үчүн билимди жана көндүмдөрдү үзгүлтүксүз өнүктүрүү системасынын туруктуу иштешинин иштелип чыккан Моделинин негизинде билим берүү программасын ишке ашыруу болуп саналат.

Мындан тышкары, программаны биргелешип ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы, КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Саламаттыкты сактоо жана медициналык технологияларды өнүктүрүү борбору жана КР Саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин ассоциациясынын ортосунда үч тараптуу макулдашууга кол коюлду.