АКАДЕМИЯ
ГОСУДАРСТВЕННОГО
УПРАВЛЕНИЯ ПРИ ПРЕЗИДЕНТЕ
КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
имени Ж.АБДРАХМАНОВА

Наши партнеры

 

Насирдин Исановдун 80 жылдыгына арналган конференция

26.06.2023

2023-жылдын 21-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы жана Кыргыз Республикасынын экономикалык саясатты изилдөө институту менен биргеликте Кыргыз Республикасындагы Эл аралык кызматташтык боюнча Герман коомунун жана Кыргыз Республикасындагы бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун колдоосу менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Насирдин Исановдун туулган күнүнүн 80 жылдыгына арналган "Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү: Реалдуулуктар жана перспективалар" темасында эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү.

Насирдин Исанов узак жылдар бою өлкөгө кызмат кылып, Кыргызстандын өнүгүшүндө чоң роль ойноп, анын туруктуу өнүгүшүнө салым кошкон.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Жапаров Акылбек Усенбекович, эмгек, социалдык камсыз кылуу жана миграция министри Базарбаев Кудайберген Базарбаевич, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги Исанов Алмаз Насирдинович, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, көрүнүктүү экономисттер, илимий-изилдөө мекемелеринин кызматкерлери, ЖОЖдордун окутуучулары, бизнестин жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышышты.

Конференция туруктуу өнүгүүгө байланышкан маанилүү маселелерди чечүүгө багытталган билим, тажрыйба жана идеяларды алмашуу үчүн аянтча, ошондой эле жаңы байланыштарды түзүү жана ар кайсы секторлордун катышуучуларынын ортосунда өнөктөштүк түзүү мүмкүнчүлүгү болуп калды.